Өлкөдө өзгөчө кырдаалдар жарыяланган учурда Бишкек-Ош аба каттамына билеттер арзандай турган болду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргыз өкмөтү менен түзүлгөн келишимдер боюнча "AirManas", "Avia Traffic Company" жана "TezJet" авиакомпаниялары Бишкек-Ош-Бишкек багыты боюнча билеттердин наркын төмөндөтүү тууралуу чечим кабыл алышты.
"Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан аба ырайынын кескин өзгөрүшү боюнча шашылыш билдирүү жарыяланса, Бишкек-Ош-Бишкек каттамынын бир тарабына карай авиабилеттердин 2700 сомдук наркы кадимки баалардан 27 пайызга төмөн сатылат. Мындай учурларда Төө-Ашууда жана Бишкек-Ош унаа жолунун башка катаал участкаларында транспортко чектөө киргизилет. Тийиштүү түрдө бул мезгилде жарандар жеңилдетилген шарттарда транспорттун альтернативдүү түрүнөн, авиакомпаниялардын тейлөөсүнөн пайдалана алышат. Аба ырайынын өзгөрүүсү боюнча шашылыш билдирүү алынгандан кийин авиабилеттер баалардын бекитилген прейскурантына ылайык сатылат", - деп айтылат маалыматта.
Басма сөз кызматы билдиргендей, 11-январда премьер-министр Сапар Исаков Транспорт жана жолдор министрлигине ата мекендик авиакомпаниялар менен биргеликте кышкысын ички авиакаттамдарга карата бааны төмөндөтүү маселесин иштеп чыгууну тапшырган.
"Жарандардын катаал аба ырайында Бишкек шаарынан Ошко тез жана коопсуз жетүүсүн жана артка кайтуусун камсыз кылуу үчүн билеттердин баасын төмөндөтүү боюнча авиакомпаниялар менен макулдашуулар жүрдү. Бул биздин жарандардын коопсуздугу үчүн чечилиши зарыл, абдан маанилүү маселе болгон. Аны менен катар Бишкек-Ош автожолунун стратегиялык маанисин жана андагы тынымсыз жол кыймылынын камсыздалышын эске алуу менен, мамлекеттик түзүмдөрдүн бардык тийиштүү күчтөрү мобилизацияланды", - деп билдирген Исаков.