Бишкек шаарынын айрым жерлеринде газ өчүрүлөт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынын басма сөз кызматы бүгүн, 16-январда билдирди.
"Газ түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу көгүлтүр от 16-январда Кызыл курулуш, Керамика конуштарында, Төмөнкү Ала-Арча айылында, Андижан, Сагынбаев, Логвиненко көчөлөрүндө убактылуу жок болот”, - деп билдирди аталган мекемеден.