Аскер кызматын өтөгөн жарандарга кесиптик жана жогорку окуу жайларына тапшырууда артыкчылык берилет

Аскер кызматын өтөгөн жарандарга кесиптик жана жогорку окуу жайларына тапшырууда артыкчылык берилет. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 15-январда президент Сооронбай Жээнбеков "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" мыйзамга кол койду. Аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 30-ноябрында кабыл алынган. Мыйзамга киргизилген өзгөртүүгө ылайык, мөөнөттүк аскер кызматынан өткөн адамдар Кыргыз Республикасынын башталгыч, кесиптик жана жогорку окуу жайларына тапшырууда артыкчылык укукка ээ.

Мындан тышкары мөөнөттүк аскер кызматын өтөгөнгө чейин тапшырган жалпы республикалык тестирлөөнүн натыйжасы 3 жыл ичинде жарактуу болот.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
amirrus
2018-01-16 10:25:03
эн туура контрактын жарымын толосун же таптакыр бекер окутса андан, жакшы мыйзам экен
-4
General.kg
2018-01-16 10:55:40
amirrus, эмнеге бекер окуш керек?
Болгону өз милдеттерибизди аткарып жатабыз! 3 жылга чейин жарактуу кылып жакшы кылыптыр.
+3
Adi.Avazbekov
2018-01-16 23:12:03
Kandai artykchylyk berilet oshonu jazbaisynarby
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан