Сапар Исаков: "Жарандардын коопсуздугу мамлекеттик органдар тарабынан талаптагыдай камсыздалууга тийиш"

Кечээ, 15-январда премьер-министр Сапар Исаков өлкөдөгү учурдагы криминогендик абалды талкуулоо боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өкмөт башчы аталган маселе калк арасында бир топ кооптонууларды жаратып жатканын айтты. Премьер-министр билдиргендей, буга байланыштуу тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан жарандардын коопсуздугу талаптагыдай камсыздалууга тийиш.

Ички иштер министри Улан Исраилов маалымдагандай, бүгүнкү күндө ички иштер органдарынын ишинде негизги басым кылмыштарды иликтөөнүн сапатын жогорулатууга, аларды жакшыртууга, ошондой эле укук бузууларга жол бербөөгө жана алардын алдын алууга жасалууда.

"Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу түрдүү кылмыштардын бетин ачыктоо көрсөткүчү жакшырган. Өлкөдөгү резонанстуу жана өзгөчө оор кылмыштардын бетин ачууга өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Кылмыштар боюнча негизги күч Бишкек шаарына жана Чүй облусуна туура келет", - деди Исраилов.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Нурбек Абасканов маалымдагандай, "Жаңы доорго кырк кадам" өкмөттүк программасын жана "Таза Коом" улуттук долбоорун ишке ашыруу алкагында учурда мекеме аркылуу "Кылмыштарды каттоого алуунун электрондук китеби" автоматташтырылган маалыматтык тутумун ишке киргизүү жүрүүдө.

Өкмөт башчы кылмыштарды каттоого алуунун бирдиктүү маалыматтар базасын ишке киргизүүдө ички иштер органдарынын ишинин ачыктыгын жогорулатууга жана аны бир кыйла жеңилдетүүгө мүмкүндүк берет деп белгиледи. Премьер-министр белгилегендей, "Акылдуу шаар" долбоорунун ишке ашырылышы да өлкөдөгү кылмыштуулуктун бетин ачууну жогорулатууга көмөктөшөт.

Сапар Исаков Ички иштер министрлигине өлкөдөгү криминогендик абалды жакшыртуу, анын ичинде уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана жашы жете электер арасында профилактикалык иш-чараларды күчтөндүрүү боюнча активдүү ишти улантууну тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан