Жээнбеков адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча мыйзамга кол койду

Президент Сооронбай Жээнбеков "Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндөгү" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 30-ноябрында кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жаатындагы иштерди толук кандуу координациялоону камсыз кылуу максатында мыйзамда ыйгарым укуктуу органды аныктоо милдети өкмөткө берилет. Мындан тышкары Мамлекеттик миграция кызматын адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жаатындагы иштерди жүзөгө ашырган мекемелердин тизмесине киргизүү боюнча өзгөртүүлөр каралат.

Ошондой эле мыйзамда адамдарды сатуунун курмандыктарына жардам көрсөтүү маселелерине да өзгөртүүлөр камтылганы айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан