Бүгүн Дача-СУда Боинг кырсыгынан каза болгондор эскерилет

Бүгүн, 16-январда Дача-СУ айылында Боинг кырсыгынан каза болгондор эскерилет. Бул тууралуу SUPER.KG'ге айылдын башчысы Максым Султанов кабарлады. Эскерүү иш-чарасына каза болгондордун жакындары, айыл тургундары катышат. Алар маркумдарга арналып ачылган эстеликке гүл коюп, куран окушат.

Маркумдардын туугандарынын демилгеси менен тургузулган эстеликтин ачылышы 13-январда болуп өткөн. Эстелик мрамор таштан жасалып, ортосунан учактын канаты кулап келе жаткандай түшүрүлгөн. Эки тарабына каза болгон 39 адамдын аты-жөнү жазылган.

Эске салсак, өткөн жылы 16-январда таңкы саат 07:17 чамаларында түркиялык Боинг-747-400 жүк учагы "Манас" аэропортуна жакын турган Дача-СУ аймагына кулап, анда жергиликтүү 35 тургун, учак экипажынын төрт мүчөсү каза болуп, бир нече үйлөр кыйраган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azatbek83
2018-01-16 15:28:46
Жуктун ээсин тапкыла ал арабызда!!!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан