ӨКМ: "Бишкек-Ош жолу бардык унаалар үчүн ачык"

Бишкек-Ош жолу бардык унаалар үчүн ачык. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек-Ош (132-137, 198-255-чакырымдарында) унаа жолунда коопсуздукту камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө үчүн 2018-жылдын 15-январынан 22-январына чейин артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн мажбурлап атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан.

2018-жылдын 16-январында КРнын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынан түзүлгөн артиллериялык топ Бишкек-Ош унаа жолунун 132-137, 198-255-чакырымдарында кар көчкүсүн мажбурлап түшүрүү иштерин жүргүзүү үчүн саат 07:00дө жөнөп кетишкен.

"Кар көчкүнү атайылап, атып түшүрүү иштери жүрүп жаткан учурда айрым тилкелерде унаа жол убактылуу жабылат", - деп билдиришти ӨКМдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан