Бүгүн, 16-январда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин жыйыны Боинг кырсыгынан каза болгондорду эскерүү менен башталды.
Мындай сунушту “Республика-Ата Журт” фракциясынан депутат Алтынай Өмүрбекова киргизди. “Бүгүн Боинг кырсыгына бир жыл болуптур. Каза болгондорду эскерүү менен жыйынды баштасак”, - деди депутат.
Анын сунушун депутаттар колдоп, каза болгондорду эскеришти.
Эске салсак, өткөн жылы 16-январда таңкы саат 07:17 чамаларында түркиялык Боинг-747-400 жүк учагы "Манас" аэропортуна жакын турган Дача-СУ аймагына кулап, анда жергиликтүү 35 тургун, учак экипажынын төрт мүчөсү каза болуп, бир нече үйлөр кыйраган.