"Ош" эл аралык аэропортунда каттамдар коюу туманга байланыштуу жылдырылган, учурда учуулар кайра жанданды

Бүгүн, 16-январда коюу туманга байланыштуу каттамдары кармалып жаткан "Ош" эл аралык аэропорту кайрадан ишин жандантты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, коюу туман тараган соң аэропорт ишин улантып, каттамдар кезек менен уча баштады.

Аба ырайына байланыштуу эртең мененки ички каттамдардын убактысы жылдырылып, эл аралык каттамдар кошумча аэродромдорго жөнөтүлдү. Анын ичинен Москва-Ош жана Санкт-Петербург-Ош каттамындагы учактар Бишкек шаарына конгондугун кабарлады маалымат кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Feijipiao
2018-01-16 15:06:11
Олтурабызго тостоюп качан учат экенбиз деп 1сутка болду
+2
aika1212
2018-01-16 16:46:11
1суткадан бери отурабыз качан учат экенбиз деп 2 козубуз торт б.п
+1
raykray
2018-01-16 21:46:20
aika1212,учтунарбы Ошко
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан