"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Манас" эл аралык аэропорту: "Ош" аэропортунда февраль айында жаңы күтүү залы ачылат"

"Ош" эл аралык аэропортунда жаңы күтүү залы ачылат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат катчысы бүгүн, 16-январда билдирди.

Буга чейин порталга окурмандар Оштогу аэропорттун күтүү залындагы шарттын жоктугунан каттамдар кармалган учурда жүргүнчүлөргө ыңгайсыздыктар жаралып жаткандыгы тууралуу билдиришкен. Анда көпкө күтүү керек болгон учурда жүргүнчүлөр полго жатып уктаганга аргасыз экендиги айтылган.

"Жүргүнчүлөрдүн көбөйгөнүнө байланыштуу 2017-жылы жаңы күтүү залы курула баштаган. Ал февраль айында ачылат деп пландалууда. Жаңы курулуштун жалпы аянты 2 миң чарчы метрди түзөт", - дейт маалымат катчы.

Айта кетсек, "Ош" эл аралык аэропорту чоңдугу жана жүргүнчүлөрдүн көптүгү боюнча Кыргыз Республикасында 2-орунда турат. 2017-жылы "Ош" эл аралык аэропорту жалпы эсепте 1 миллион 490 миң жүргүнчүгө кызмат көрсөткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Eli.91
2018-01-16 14:34:03
Эн жакшы кабар экен.
0
jasgul
2018-01-16 14:36:47
мени ушинтип жатканымда тартып алып жарыя кылганында корсотмокмун сага бирди. Эч ким уруксаты жок башка адамды тартып алып, жарыялоого укугу жок.
-1
vavilon.
2018-01-16 14:54:50
Азыр дагы жакшырып калганы, 2012жылдары тышкарыда суукта тонуп кутчуубуз регистрация болушун. Азыр Ош аэропорту ошондогу абалга салыштырганда алда канча сонун.
+2
Feijipiao
2018-01-16 15:07:12
Азыр да ошол абал кутуу залында
-3
vavilon.
2018-01-16 15:10:19
Feijipiao, За то ичкериде кутосун, ал убакта кошумча зданиялар курула элек союздан калган кичинекей имарат болчуу. Андан кийин чонойтушту, эл кобойду, эми дагы да чонойтуп жатышат.
+3
Leilek-razzakov
2018-01-16 15:15:46
Куто туралы февралга да аз калды.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан