Депутат Сапар Исаковдун Таласка кечигип барышына Транспорт министрлигин күнөөлөдү

Бүгүн, 16-январда Жогорку Кеңеште Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйыны болду. Анда депутат Рыскелди Момбеков өкмөт башчы Сапар Исаковдун Талас облусунда жолугушууга кечигип барып, күн тартиби бузулуп, студенттер менен жолукпай калганына Транспорт министрлигин айыптады.

"Премьер-министр бир жарым саатка кечигип барды. Маалымат каражаттары "Таласта студенттер менен жолукпай кетип калды" деп жазышууда. Күн тартибине киргизилген бир иш-чара өтпөй калды. Эмне себептен?! Жолдордун начар абалынан. Бардык техникалар чыгып иштеген күндө да өкмөт башчынын иш тартиби үзгүлтүккө учурады. Жыйынтыгында саат 17:00дө Талас мамлекеттик университетиндеги студенттер менен өтө турган өкмөт башчынын жолугушуусу болбой калды", - деди Момбеков.

Белгилей кетсек, 12-январда өкмөт башчы Сапар Исаков Талас облусуна иш сапары менен барган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Nurik1988
2018-01-16 16:26:43
Силер кунологонду билесинер!! Силер биринчи ошол жолдо иштеген жумушчулардын айлык майанасын конул болсонор ии техникалары жок. Озу Кыргызстанда силер эле сууттой аппак боло бересинер чын чынына келгенде тулкудон да куусуанр
+12
marat88
2018-01-16 19:25:01
Уйдо баатыр жоодо жок деген депутат соройлор куйгузотда. Жолдо иштеген жумушчулардын айлык маянасын депутаттын маянасындай кылып которуш керек. А депутаттардыкын жолдо иштеген жумушчулардыкындай кылып тушуруш керек. Ошондо иштешет жакшылап куноолуну издегиче себебин издегиле депутат мырзалар.
+2
marat88
2018-01-16 19:26:54
Ушул депутатды корсом сагызганды эле элестетем дайымы.
+2
jbolotov
2018-01-16 19:57:27
КРда закон чыгаруучу жана аны козомолдогон КРдын саясатын жургузотурган жогорку орган Жогорку Кенеш депутаттары деп эсептелет. Бирок мен ушул депутаттардын суйлогон созуно уйдо отуруп мен уялам. Мамлекеттик карыздарды толоону ойлонуп, экономиканы ондурушту кантсек? Армияны которбосок эртен бироо бир дивизиясын киргизип койсо мамлекетибиз жок болуп кетбесин, тилибиз унутулуп баратат, экология деп ойлонгон саясатчылар жок! ЖК депутаттарынын тушунугу айыл окмотукундой, копуро куруш керек, мектеп де
0
jbolotov
2018-01-16 19:59:33
Мектеп, жол тазаланбай атат, ГАИ тосуп депутаттарды тоготбойт дегендей ото ылдый тушунукто болуп атышат. Бизде Кыргыз саясатын жургузгон, бири бирин чукулабай мекен учун иштегендер чыгаар бекен.
+1
lunaTik1
2018-01-18 00:12:20
Сапар Исаков кечиксе бироолор куноолу экен анда эки уч кундоп Тоо-Ашууда жонокой элдер кармалып калса ким куноолу болот. Атасына наалат ушуну айткан депутаттын, башкаларынын дагы. Башка учурда да иштегилечи эу депуттатар, пайданарды коздоп сулуу чымчык болуп суйлоп коюп журо бербестен. Озу ушу депуттатардын эмне керекги бар деген ой келет. 7 областтын атынан бирден депутат бирден жардамчы жетишмек, тим эле дуйнонун баардык проблемасын чечип аткансып жардамчыларды топтоп алат жанына баары.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан