Бүгүн, 16-январда Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Алтынай Өмүрбекова төрөт үйлөрүндө баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк алууга мүмкүнчүлүк болуусу керектигин айтты.
"Бала төрөлгөндө күбөлүк дароо берилиши керек. Анткени кээ бир тоолуу аймактарда жашаган ата-энелер Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлчүлүгү алыс жайгашкандыктан күбөлүк алууга барышпайт. Учурда кайсы жерлерде төрөт үйлөрүндө каттоо кызматынын өкүлчүлүгү иштейт?" - деп сурады депутат.
Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Руслан Сарыбаев билдиргендей, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларындагы төрөт үйлөрүндө аталган кызматтын өкүлчүлүгү иштейт. "Жылдын аягына чейин өлкөнүн бардык төрөт үйлөрүндө баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк алууга мүмкүнчүлүк болот", - деди Сарыбаев.