Бүгүн, 16-январда Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин жыйынында шаар куруу жана архитектура жөнүндө мыйзамга, Кылмыш-жаза кодексине, администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталды.
Ага ылайык, шаар куруу жана курулуштардын аткарылышына жоопкерчилик күчөтүлүп, бул чөйрөдөгү ченемдик-укуктар тартипке салынат. Эксперттик иштерди жетиштүү аткарбагандар, курулуш ченемдери менен эрежелерин сактабагандарды жоопко тартуу күчөтүлөт.
Долбоор аркылуу шаар курулушунун комплекттерин, имараттар менен курулмаларды этап-этабы менен долбоорлоону жана курууну ишке киргизүү белгиленген.
Мыйзам долбоору 3-окууда Жогорку Кеңештин жалпы кароосуна жиберилди.