"Аты-жөнүн өзгөрткөн жарандардын паспортундагы жеке номурлар өзгөртүлөбү?" - деп бүгүн, 16-январда Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Айнуру Алтыбаева сурады.
Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Руслан Сарыбаев жеке номур өзгөртүлбөй турганын айтты. "Жынысын өзгөрткөн жарандар паспорттогу белгисин өзгөртүп берүү боюнча кайрылышат. Бизде аялдардын жеке номуру 1 деп башталса, эркектердики 2 деп башталат. Ошол номурду өзгөртүп берүүнү сурангандар бар", - деди Сарыбаев.
Комитет жыйынында Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине, "Жарандык абалдын актылары жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө каралды.