ЭЛДИК КАБАР: "Аксыда мектепте окуучуларга берилүүчү тамак берилбей калды" дейт окурман

Аксы районуна караштуу Кош-Дөбө айылында жайгашкан Темиркул Мавлянов атындагы орто мектебинде 1-4-класстын окуучуларына берилүүчү тамак 2017-жылдын декабрь айынын орто ченинде токтогон. Бул тууралуу окурман "Элдик кабар" рубрикасына WhatsАpp аркылуу билдирди.

"Кош-Дөбө айылында жайгашкан Темиркул Мавлянов атындагы орто мектебинде 1-4-класстын окуучуларына берилүүчү тамак 2017-жылдын декабрь айынын орто ченинде токтогон. Бул көрүнүштү Жаңы жылга чейин болсо керек деп эч ким үн каткан эмес. Тилекке каршы, бүгүнкү күнгө чейин уланып келүүдө. Жаш окуучулардын айтымында, мугалимдердин "сумкаңарга нан салып келгиле" деген өңдүү сөздөрү мектептеги чайга чекит коюлабы деген ойго түртөт. Бул көрүнүш бир эле биздеби же жалпы мектептердеби?" - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Azatbek83
2018-01-16 14:41:15
Бакиев болгондо жакшы бромок.Мнаул кан соргучтар андай кылышпайт!
+7
kutman-kg94
2018-01-16 14:52:21
Тугонду кыргысзтан
+5
kutman-kg94
2018-01-16 14:52:39
Аша бекеринен ыр чыгарган жок
+4
jbolotov
2018-01-16 15:05:09
Мектептеги тамак эмес мамлекет озу карызга жашап атат, Бакиевдей адам келбесе мамлекеттин келечеги ойлондурат мени.
+5
rejepova
2018-01-16 15:36:36
Тамак эмес, бир кружка чай мн бир кесим болко нан берилет кээ бир мектептерде. Балдар ошого да ыраазы.
+2
Nurik1988
2018-01-16 15:45:29
Биз озу шайлаганда да не то шайлап алдыкта президенти. Баяагы жеп жуттардын досун еми бул жагы кандай болушу карагы
+3
atanazarov10
2018-01-16 15:54:17
Шайлоодон баарыбыз 1000сомдон алдык. Эн аз алганыбыз 1000ден болду ошондуктан баарыбыз оз башыбызды мыкчышыбыз керек.
+2
jbolotov
2018-01-16 16:28:17
atanazarov10, Шайлоого дагы эле ишенгендер бар экенда. Менин оюмча кааласан каалабасанда ушул адам болмок
+3
temirov76
2018-01-16 18:15:06
jbolotov,Туура
0
omke.85
2018-01-17 14:03:17
jbolotov,шайлоо бул жомок деп койсон кыялыбыздагы
0
omke.85
2018-01-17 13:57:59
Бакиев эле дейсинер бир эмес 2-жолу болдуго дагы эмнесине нааразы болосунар,башкалар болсо болбойт бекен же Бакиевтердин апасы тууп таштап кеткенби бакиевтерге энчилеп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан