2017-жылдын жыйынтыгында атайын каражаттар түрүндө 10 миллиард 686 миллион сом түшкөн

2017-жылдын жыйынтыгында атайын каражаттар түрүндө 10 миллиард 686 миллион сом түшкөн. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин жыйынында билдирди.

Каржы министринин орун басары Мирлан Байгончоковдун айтымында, мурда каражаттын көп булактары атайын каражат катары өзүнчө топтоштурулса, эми бир катар каражаттар республикалык бюджетке түшө баштады. "Ал эми атайын каражаттар мекеменин эсебинде сакталып, өздөрү смета түзүү менен андан пайдаланышат. Анын калдыктары келерки жылдын эсебине өткөрүлөт", - дейт ал.

Комитет "Салыктык эмес кирешелер жана ички аудит маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан