Боинг кырсыгынан уул-келин, неберелеринен айрылган эне... Аман калган Жакшылык

Мындан бир жыл мурун, тактап айтканда, так ушул 16-январь күнү таңкы саат 7:17 чамасында Гонконг-Бишкек-Стамбул багытындагы Боинг-747-400 жүк учагы "Манас" аэропортуна коно албай, ага жакын турган Дача-СУ айылына кулаган. Кырсыктан 35 жай тургун жана 4 экипаж мүчөсү ажал тапкан. Алардын арасында 27 жаштагы Уларбек аттуу тургундун үй-бүлөсү да бар болгон. Уларбек келинчеги экөө эки кызы менен кошо каза болсо, анын 7 жаштагы уулу Жакшылык аман калып, учурда чоң-ата, чоң-энесинин колунда.

Арадан бир жыл убакыт өткөндөн кийин биз Жакшылыктан кабар алдык. Жакшылыктын тилектерин, чоң-энеси Токтайым апанын уул, келини жана данектей кезинде каза болгон эки небереси тууралуу айткан эскерүүсүн угуп келдик.

“Тобу менен кетти, анткени бири-биринен ажырай алышмак эмес”

"Уларбегим 1990-жылкы болчу. 11-классты бүтөрү менен өзүнүн классташ кызына үйлөнүп алды. Биз “азыр жашсыңар” деп каршы болгонубузга карабай “сүйгөнүмдү башка бирөө ала качып кетет” деп жүрүп үйлөнгөн. Бирок жаш экенине карабай 8 жылда өз аракети менен Дача-СУдан үйлүү болуп, 1 уул, 2 кыздуу болушту. 15-январь күнү “апа, манты жасап бериңизчи, сиздерге баралы” деп жубайы экөө балдарын ээрчитип манты жеп, түнкү саат 1 жарымга чейин отурдук. Бирок алдын ала сезишкен окшойт, биз менен башкача коштошуп кетишкен. Азыр “биздикине жатып калышса аман калышмак, үйлөрүнө жибербей койсом эмне?” деп калам. Бирок шум ажалга айла жок экен. Суук кабарды эртеси саат 11лерде уктук. Андан ары эмне болгонун билбей калдым.

Уулум менен келиним бири-бирин аябай жакшы көрүшчү, дайым ынак жүрүшчү. Анан калса Уларбегим эки кызын өзгөчө жакшы көрчү. Уул, кыздарына жакшы ата болду. Экөө эки кызын кучактаган бойдон учак астында калып каза болушту. Ошондуктан өзүмдү “булар тобу менен кетти, анткени бири-биринен ажырай алышмак эмес” деп сооротуп коём. Бирок Жакшылыгын алдын ала билгендей эле бизге жакын кармады. Өзүн сагынбагыдай кылып өстүргөнүнө кээде таң калам", - дейт Токтайым апа.

“Алдымдан чыгып калышчудай күтөм”

"Балам укмуш шайыр, таптакыр кабагын бүркөбөгөн, мээнеткеч эле. Өзү шаарда маршрут айдап иштечү. Азыр көчөдөн ал иштеген номурдагы маршруттарды көрсөм ошол маршруттук таксиде балам келе жаткандай сезиле берет. Уулум каза болгондон кийин да достору үйгө келип Жакшылыктан кабар алып кетишет. Чогуу иштешкен досторун, классташтарын көрсөм уулум жөнүндө сүйлөсө экен дей берем. Алар баламды өтө шайыр, бирөөгө колундагы болгон нерсесин берип салган берешен бала болгонун айтып эскеришет. Уларбегимдин канчалык мыкты бала болгонун мен көп сезген эмес экенмин, аны баладай эле сезчүмүн. Көрсө, жаш экенине карабай жакшы иштерди жасап кетиптир. Келинчеги да өтө жөнөкөй, барды-жокту түшүнгөн кыз болчу. 8 жыл бирге бактылуу жашашты. Азыр бейшемби, жума күндөрү алардын жаткан бейитине барып келбесем бугум жазылбайт", - деп эскерди.

Кырсыктан аман калган Жакшылык

"Неберем Жакшылык Уларбегимдин тун баласы. Ал кырсык болгон күнү ата-энесинин жанында уктап жатып Кудайдын кудурети менен аман калган. Өзү “мени Гүлзина эже ойготту, атам менен апам ойгонбой койбодубу” деп айтып калат. Балким, Гүлзина эжеси түшүнө киргендир, анысы табышмак. Гүлзина деген уулумдун каптал жагында жашаган коңшусу болгон. Жакшылык ошолордун үйүнө качып баратканда топурак басып калган. Бирок топурактын астынан аман чыккан. Учурда “Сапат” билим берүү мектебинде 1-класста окуп жатат. Себеби бир аз ден соолугуна зыян келгени үчүн 1-класста окуп жатып, окуусуна барбай калган. Шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен өзүнө батир сатып алып бергенбиз. Дем алыш күндөрү бул жакта, сабак болгон күндөрү Жакшылык жана кызым үчөөбүз Жакшылыктын үйүндө жашайбыз", - деди Токтайым апа.

“Жоокер, президент болгум келет”

"Мен учурда 1-класста окуп жатам. Окууларым жакшы, мага математика, менталдык арифметика жана музыка сабактары жагат. Мектепте досторум көп. Биз кечке эле футбол ойной беребиз. Мен сабактан чыгып каратэ, шахмат, футбол, математика боюнча ийримдерге барам. Үй тапшырмаларын эжекем экөөбүз аткарабыз. Мен чоңойгондо жоокер, анан президент болгум келет. Алар элди башкарышат", - деди Жакшылык.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
RusMos76
2018-01-16 19:14:43
Ии кучугум десе, Жакшылык атына затын жарашып жакшы болуп чоной, Кудайым тилегенини берсин.
+20
Ma9
2018-01-16 19:22:55
ыйлагым келди бир убакта баарын жоготкон кандай жаман
+15
Aidani
2018-01-16 22:34:57
Кайсы бир ишкерби же мамлекетпи батир бермек эле го Жакшылыкка ,сатып бердик батир дейт го, ушул жонундо маалымат бериниздерчи админ?
+12
Krai
2018-01-16 23:46:55
Жакшылыкты окуган сайын козумо жаш келет бир убакта баарын жоготкон кандай оор сабыр берсин жаткан жерлери жаннаттан болсун ылайым ошол куноокорлор табылып жазасын алсын
+8
Kaary
2018-01-17 02:14:23
:(
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан