Бишкек-Ош багыты боюнча авиакомпаниялар билеттерди арзандатууну баштады. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз катчысы Кылычбек Досумбетов билдирди.
Кыргыз өкмөтү менен түзүлгөн келишимдер боюнча, "Air Manas", "Avia Traffic Company" жана "Tez Jet" авиакомпаниялары Бишкек-Ош-Бишкек багыты боюнча өзгөчө кырдаалдар жарыяланып, башка каттамдарда маселе жаралган учурда билеттердин наркын төмөндөтүү тууралуу чечим кабыл алышкан.
"Бул келишим күчүнө кирди. "Air Manas" авиакомпаниясы билеттердин баасын бир айга чейин арзандатты. Ал эми "Avia Traffic Company" жана "Tez Jet" компаниялары өзгөчө кырдаалдар жарыяланган учурда, жол каттамдарда маселе жаралса бааны арзандатууга даяр. Буга чейин баалар 3 700 сомду түзсө, арзандатылган баалар 2 700 сомго чейин болот. Бул келишим Бишкек-Ош-Бишкек багыты боюнча гана. Ал эми башка ички каттамдарга бул келишимдин тиешеси жок", - деди Досумбетов.