2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын долбоору талкууланды

Президентке караштуу улуттук биримдикти бекемдөө жана диний саясат боюнча эксперттик кеңештин кезектеги отурумунда "Таза Коом" жана "Жаңы доорго кырк кадам" долбоору талкууланды. Бул тууралуу кечээ, 16-январда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын долбоорунун тиешелүү бөлүмдөрү талкууланды. Талкуунун жүрүшүндө сунуштар киргизилип, пикирлер айтылды.

Эксперттер акыркы жылдары этностук көп түрдүүлүктү башкарууда, элдин биримдигин бекемдөөдө жана диний чөйрөнү мамлекеттик жөнгө салууда бир катар жакшы өзгөрүүлөр байкалгандыгын белгилешти. Ошону менен катар узак мөөнөттүү келечекте бул чөйрөлөрдө өнүгүү кандай болорун белгилеп коюу зарыл. Глобалдуу жана аймактагы процесстердин таасири алдында пайда болуп жаткан жаңы чакырыктар, өлкөдөгү жана коңшу мамлекеттердеги демографиялык кырдаалдын өзгөрүшү мына ушунун бардыгын терең талдап, артыкчылыктарды аныктоону талап кылып жатат. Ошолордун негизинде мамлекеттик саясаттын чаралары иштелип чыгууга тийиш, алардын натыйжалуулугу туура тандалган стратегияга жараша болот.

Эксперттик кеңештин мүчөлөрү ошону менен бирге этностук жана диний чөйрөдөгү маселелерди глобалдуу жана аймактагы ыкчам өзгөрүүлөрдүн контекстинде кароо зарыл экендигин белгилешти.

Эксперттик кеңештин мүчөлөрү аталган долбоорлор боюнча өз сунуштарын жана пикирлерин январь айынын акырына дейре киргизишет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
chikeusenov
2018-01-17 02:37:03
2040 кыркынчы жылга чейин кыргызстанды сатып туготобуз деп суйлошушконго бул турушта каяктагы 2040 кырка жетпей эн кембагал ммлекет болбосок болду жеп жутарлар тойбос болдуго
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан