"Манас" аэропорту: "Аэропорттогу кафе, буфеттерди ижарачылар иштеткендиктен андагы баага көзөмөл кыла албайбыз"

"Манас" эл аралык аэропортунда сатылып жаткан тамак-аш, суусундуктардын бааларын аэропорттун администрациясы көзөмөлгө ала албайт. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат катчысы SUPER.KG порталына кабарлады.

Буга чейин социалдык тармактын колдонуучусу жеке баракчасына аэропорттогу абал нааразычылыкты жаратканын жазгандыгы маалымдалган. Анда шарттын жоктугунан тышкары азыктар кымбат сатылары, 1 стакан чайдын баасы 100 сомго чейин жеткендиги белгиленген.

Бул боюнча мекеменин маалымат катчысы андагы кафе, буфеттердин баарын ижарачылар иштете тургандыгын билдирип төмөнкүлөргө токтолду.

"Аэропортто ижарага берилген ар түрдүү ашкана, кафе жана буфеттер бар. Аларда суусундук, тамак-аштын баасы ар кандай. Мисал келтирсек, бир ашканада 1 кружка кофенин баасы 20 сом болсо, кээ биринде анын баасы 100 сомдон ашат, ижарачылар тейлөө шартына, товарынын сапатына жараша түрдүү баа коёт, биз алардын сатып жаткан тамак-аштарынын баасына кийлигише албайбыз".

Мындан тышкары ал социалдык тармакта аэропорттогу шарттарга нааразы болгон Нуркан Койчуманова аттуу колдонуучунун билдирүүсүнүн айрым учурлары чындыкка дал келбей тургандыгын белгиледи.

"Эне жана бала бөлмөсүндө негизинен энелер балдары менен жатыш керек. Бирок ал жакка 30 жаштан ашкан эркектер да кирип жатып алышат, алар бул бөлмөдө болбошу керек. Анткени бул бөлмө чакан, көп кишиге ылайыкташкан эмес. Бөлмөгө жылуулук берилген, андан тышкары адамдардын көптүгүнөн мынчалык суук болбойт.

Авиаташуулардын эрежелерине ылайык, каттамы кармалган жүргүнчүлөрдү авиакомпаниялар тамак-аш жана жатакана менен камсыз кылыш керек. Каттам 4 саатка кармалса авиакомпания тамак-аш менен камсыз кылат, ал эми 8 сааттан ашып кетсе авиакомпания жүргүнчүлөрдү жатаканага жайгаштырыш керек. Жүргүнчүлөр тийиштүү талаптарды авиакомпанияларга коюусу зарыл", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
vavilon.
2018-01-17 11:06:17
Туура, ижарачы соодагерлер мн эмне иши бар Манас аэропортунун.
-11
OMURBEK.
2018-01-17 11:45:21
vavilon.,
Акчасын алганды эле билет арендасын
Бирок бир ушундай бааларды козомолдоочу бир топ бардыр
+5
isabek1977
2018-01-17 14:25:13
vavilon.,Ижара боюнча келишим тузуудо эмне учун бааларына козомол жургузуу боюнча пунктту киргизууго болбосун.Алар монополист болуп алышкан турбайбы.Анти монополияга кайрылыш керек.
+1
juma11anara
2018-01-17 11:47:42
Ижара акысын азыраак сурасаңар алар деле саткан буюмун арзан сатат. Ижара акысын кымбат сурап атсанар айла жок алар кымбат сатат. Элди алдай албайсыңар.
+5
nurbekasr
2018-01-17 11:49:28
Ошол аэропорттогу кафе ашканадакы бааларды ооздуктай албасанар,колуңардан бок келбесе эмне ачып берип коюп олтурасыңар аңырайып колдон келбейт деп.Колуңардан келбесе баарын бошоттуруп,ошол жерде эл түнөй турган жай кылып койгула.Уча турган элдин баарын камап алып,бааларга көзөмөлдөгөнгө алыбыз жетбейт дебей.Ошол ашкана өзүңөрдүкү эле же болбосо жакын тууганыңардыкы,ситуациядан пайдаланып иштеп калалы дешип акмактар.
+7
кыргыз Алик
2018-01-17 13:28:49
nurbekasr, Эн туура оздрунун туугандарына ижарага берсе кантип анан баасын тушургуло десин.Буфетти тууганына берсе кафени башка бироосуно берип айына оз чонтогуно да алып турат да.Дегеним оздорунун кызыкчылыгы бар да ал жерде.Премьер министр барганда бааларды тушуруп бирдей кылып кой элди кыйнабай а так иштен кетесин дегенде кызыкчылыгы башкага бурулуп оной эле тушуруп коюшмак.Эх аман эле болгула коррупцияны гулдоткондор.
+2
Kenenbay1
2018-01-17 12:10:30
Бааларды козомолдой турган орган кайсыл жакты карап олтурат. Оз милдеттерин так аткарбаган антимонополиялык службанын эмне кереги бар анда? Элдин акчасын жеп элге кызмат кылбаса жойуш керекда.
+5
ekaterinburg
2018-01-17 12:24:12
Антимонополия деген органдар жокпу бизде?Текшербейби ошолор?
+2
Дарыгер
2018-01-17 12:40:35
Москвада ушундай арыз тушкон. Козомолдоочу органдар барып бананы арзандатып эле коюшту го
+3
momun74
2018-01-17 12:53:31
Кызыкко кантип башкара алышпайт ижара акысын арзандатып анан башкарышссын анда
+1
jbolotov
2018-01-17 14:28:53
Аэропорттун башкаруучулары, ээси кимдер? Россия сатып алат экен деп укчу элек?
+1
modem4999
2018-01-17 14:40:27
Бупет иштеткендер озубуздун эле туугандарыбыз, тааныш билиштерибиз деп айтпайсынарбы ,арендаторлор дебей.
+1
lunaTik1
2018-01-17 23:52:09
Мына силердин ушунунардын айынан эки сутка кармалып калган рейстеги жургунчулор бир жакшы тамак аш жей албай эми ооруп отурат. Авиакомпаниялар деле кыйратып карабайт,билетти кымбат саткандан башкага жарабайт, козомолдоочу органдар туп тамыры менен куйуп кетишсин, иштеген тур корсотуп журо бербей, аэропорттогулар акчаны жеп эле отура бербей туманда да конууга шарт тузсонор болмок. Иши кылса бир тузук иштегенинерди корбодум. Озун олоюн деп отурсан кайра кайра текшергеничи, бомбалатып ийчуудой.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан