Президент Сооронбай Жээнбеков “Калкка онкологиялык жардам кɵрсɵтүү жɵнүндɵ” мыйзамына ɵзгɵртүүлɵрдү киргизүү тууралуу” мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 30-ноябрында кабыл алынган.
Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр мыйзамдардагы карама-каршылыктарды четтетүү жана жаңы шишиктерден жабыр тарткан адамдарга атайын адистиктеги медициналык жана социалдык жардам кɵрсɵтүү чөйрөсүндөгү өкмөттүн ыйгарым укуктарын аныктоо жана тактоо максатында кабыл алынган.
Кабыл алынган мыйзам менен “Калкка онкологиялык жардам кɵрсɵтүү жɵнүндɵ” мыйзамынын бир топ ченемдерине редакциялык мүнɵздɵгү, тактоо иретиндеги ɵзгɵртүүлɵр киргизилген.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.