2017-жылы өкмөттүк аппаратка 7 миңден ашуун кайрылуу түшкөн

2017-жылы өкмөттүк аппаратка 7 миң 837 кайрылуу түшкөн. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 2 миң 651 кайрылуу оозеки жана 5 миң 186 кат түрүндө түшкөн.

“Эң көп кайрылуулар Бишкек, Чүй жана Жалал-Абад аймактарынын тургундарынан келип түшкөн. Кайрылуулардын көбүнчөсү социалдык жана турак жай маселелерине байланыштуу. Коомдук кабылдамага кайрылган 1273 жарандын ичинен өкмөт жетекчилиги тарабынан 346 адам кабыл алынган”, - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nurbek56
2018-01-16 22:49:17
Маалыматына жаза берет да бир да кайрылууну чечпеген апарат окмот. Мен канча кайрылдым министирине да депутатына да мэрге да президентине да бироосунон жардамда жооп да алган эмесмин.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан