Быйыл Бишкекте өтчү иш-чарага 57 мамлекеттин депутаттары келери күтүлүүдө

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясынын күзгү жыйыны алгач ирет Бишкекте өтөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековдун төрагалыгы менен аталган жыйынды өткөрүү боюнча түзүлгөн уюштуруу комитетинин отуруму болду. Иш-чараны өткөрүү маселелери боюнча өткөн жылдан бери иш алып барып жаткан жумушчу тобунун жетекчиси, Жогорку Кеңештин Аппарат башчысынын орун басары Тажимамат Шаболотов жасалып жаткан иштер тууралуу баяндама жасады.

Белгилей кетсек, ЕККУ ПАнын күзгү жыйыны 2018-жылы алгач ирет Бишкек шаарында өтөт. Эл аралык мааниси жогору бул иш-чарага Европада, Азияда жана Түндүк Америкада жайгашкан 57 мамлекеттин парламент өкүлдөрү катышары күтүлүүдө. ЕККУ Парламенттик Ассамблеясы парламенттик байланыштар үчүн маанилүү аянт катары кызмат кылат жана шайлоолорго байкоо салуу менен эл аралык кызматташтыкты чыңдоо, анын ичинде саясий чөйрөдөгү жана коопсуздук, экономика, айлана-чөйрө, адам укугу тармактарындагы милдеттемелердин аткарылышы боюнча өнөктүктөрдү жетектейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан