Ошто 16 жаштагы Фахринур Хасилов изделүүдө

Ошто дайынсыз жоголгон 2002-жылы туулган Фахринур Хурсандбекович Хасилов изделүүдө. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, ал 2017-жылдын 28-декабрында түнкү саат 00:20 чамасында Ош шаарынын Калинин конушундагы үйүнѳн белгисиз жакка чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес.

Ѳзгѳчѳ белгилери: дене түзүлүшү орто, кара тору. Кашы-кѳзү кара. Боюнун узундугу 165-175 сантиметр. Үстүндѳ кѳк түстѳгү кышкы куртка, боз түстѳгү спорттук кийим болгон. Бутунда кара түстѳгү спорттук бут кийими бар. Оң кулагынын артында 0.5 сантиметрлик калы бар.

Баланын жүргѳн жери тууралуу маалымат билген болсоңуз тѳмѳндѳгү телефон номерлерине билдирип коюу зарыл: 03222-2-08-63, 03222-2-75-15, 0707-88-84-84, 0551-05-42-75.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
aibars
2018-01-17 08:19:03
Аман эсен табылып калса экен.
+13
Ayida
2018-01-17 10:21:47
Тунку 00:20 да неге чыгарат кочого?Аман эсен табылып калсын
+5
Dembele84
2018-01-17 10:25:44
Ayida,16 жашар баланы копчулук ата эне камап отура бербейт да.
+5
trabzon11
2018-01-19 10:44:19
Килейген эле бала экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан