КҮНСЕРЕП: "Техосмотр" кайтып келет. Себеп - Бишкектин кирдеген абасы

Бүгүн, 17-январь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Эл аралык "Freedom House" уюму Кыргыз Республикасын жарым-жартылай эркин өлкө деп тапты. Уюмдун "Дүйнөдөгү эркиндик 2018: демократия кризиси" деген изилдөөсүндө Кыргыз Республикасы 37 балл менен бааланган. Мамлекетибиз Борбор Азиядагы салыштырмалуу жарым-жартылай эркин өлкө деп аталды. Казакстан 22, Тажикстан 11, Өзбекстан 3 балл алып эркин эмес өлкөлөрдүн катарына кирген. Уюм 195 өлкө боюнча изилдөө жүргүзгөн. Жылдык отчётунда уюм Кыргыз жеринде 2017-жылы бийликти бекемдөө кадамы жасалганын белгилейт. 2010-жылдан бери өлкөдө 2 жолу парламенттик, 1 жолу президенттик шайлоо өттү. 2017-жылдагы президенттик шайлоо өлкөдө канча бир жылдарга бир партиянын бийлиги бекемделгенин көрсөттү. "Freedom House" уюмунун докладдарына карасак, Кыргыз өлкөсү 1999-жылдан 2005-жылга чейин “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарында болгон. 2006-2008-жылдары “жарым-жартылай эркин” өлкөлөрдүн катарына кирген. 2009-2010-жылдары кайрадан “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кошулса, эми “жарым-жартылай эркин” деп аталууда.

Уюм иликтөөсүн “демократия кризиси” деп бекеринен атаган жок. Иликтөөдө көрүнүп тургандай, дүйнөдө соӊку 12 жылда 71 мамлекетте саясий укук жана жарандык эркиндиктин абалы начарлап, 35 гана мамлекет бул жаатта абалды жакшырта алган.

Өлкөдө сөз эркиндиги күндөн күнгө коргоого муктаж баалуулукка айланып баратат. 2017-жылы сот тарабынан эркинен ажыратылган Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров өӊдүү саясатчыларга козголгон кылмыш иштери көңүлдөрдөн тыш калып, “бул саясатчылар бийликти кескин сындаганынан улам соттолду” деген пикирлер коомчулукта басымдуу. Чубак ажынын 2-аял алуу окуясы, дин аалымынын расмий жубайынын жардам сурап милицияга арыз жазышы өлкөдө адам укуктары кандай шартта экенин ачыктаган окуя болду. Бишкек шаардык милиция башкармалыгы Гүлнур Жалилованын арыз менен кайрылгандыгы чын деп маалымат тараткан. Көп өтпөй Чубак Жалиловдун адвокаты бул адамга карата иликтөөлөр токтотулган, анын жубайы милицияга арыз жазган эмес деп ММКларга маалымат таратты. Бишкек ШИИББи адвокаттын бул билдирүүсүнө үн-сөзсүз макул болуп, “арыз менен кайрылды” деген маалымат таратпагандай түр кылып койду. Күйөөсүнөн коркуп жатканын айтып, жардам сураган аялдын абалы азыр кандай экенинен эч кимдин кабары жок.

Демократиянын бир бутагы - сөз эркиндиги. "Freedom House" 2017-жылы жазында Кыргыз бийлигин эркин медиага куугунтукту токтотууга чакырса, декабрда Кыргыз жериндеги сот чечимдери сөз эркиндигин чектеп жатканын айтып жар салды. Бийлик "Freedom House" уюмун “тереӊ анализ жүргүзбөй жатат”, “изилдөө жыйынтыктары саясий кызыкчылыктарга байланыштуу чыгып жатат” деп “айыптап” келет. Мисалы, депутат Дастан Бекешев уюмдун былтыркы изилдөөсүн "бейөкмөт уюмдардын бир жактуу маалыматынын негизинде чыгарылган" деп сындаган.

2017-жылы ал кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин арызы боюнча Башкы прокуратура "Заноза" сайтын жана анын түзүүчүлөрүн кадыр-баркка доо кетирди деп сотко берип, сот айыпталуучу тарапты жалпы 30 миллион сом доого жыккан. Процесс кайсы бир чекке жеткенде Атамбаев арызын кайтарып алат деп күткөндөр бар эле. Экс-президент Алмазбек Атамбаев бүгүн "Занозанын" түзүүчүлөрүнүн бири Нарын Айып менен мурдагы депутат Чолпон Жакупованын мүлктөрүн сатыкка койдуруп, соттон чегерилген акчаны өндүрүп берүү боюнча арыз менен кайрылганы белгилүү болду.

Акыркы күндөрү Жогорку Кеӊештин депутаттары интернеттеги социалдык тармактарды ооздуктоо маселесин да көп көтөрө башташты. Депутат Дастан Бекешев ММКлардагы жана социалдык тармактардагы абройго шек келтирген билдирүүлөр үчүн жоопкерчиликти күчөтүүнү сунуштап, сындарга кабылды. Бул демилгеге арналып Бишкекте өткөн жыйында укук коргоочу Чолпон Жакупова ансыз да оор абалда турган сөз эркиндигин Бекешевдин мыйзамы биротоло муунтарын эскертти.
Бийлик 2016-жылы Конституцияга өзгөртүү киргизүү менен адам укуктарын коргоо жакшырды деген пикирде. Ал эми "Freedom House" дал ушул Конституциялык реформаны Кыргыздагы демократияны артка тарткан фактор деп белгилеп жатат...

Өлкөдө автоунаалар кайрадан техникалык кароодон өткөрүлүп башташы мүмкүн. Бул ирет себеп катары жол кырсыктарынын өсүшү эмес, Бишкектин үстүн каптаган зыяндуу түтүн айтылды. Өкмөттүк жыйында премьер Сапар Исаков Бишкектин абасын тазалоо үчүн конкреттүү чараларды көрүүнү сунуштады.

Экотехинспекция Бишкекте орточо 20 автоунаанын 16сы же унаалардын 80 пайызы абага зыяндуу заттарды нормадан көп бөлүп чыгарат деген маалымат берүүдө. Кыргыз жеринде 1,3 миллиондун тегерегинде автоунаа бар, инспекциянын эсебине таянсак, 1 миллионго жакын унаа абаны нормадан ашыкча булгап жатат. Бул мекеме Бишкек ЖЭБи абаны булгаган жок дейт. Инспекциянын мындай маалыматы Бишкек ЖЭБинин пайдасына иштеди. Ошентсе да жылуулук электр борборуна кийинки кышка чейин морлорго заманбап тазалоочу фильтрлерди орнотуу милдети жүктөлдү. 386 миллион долларлык оңдоп-түзөөдөн өткөн ЖЭБге эмнеге заманбап фильтрлер коюлган эмес? Бул суроо өкмөттүк жыйында көтөрүлбөдү.

Өкмөт башчы Сапар Исаков автоунааларга техникалык кароону киргизүү керек, бул чара абага зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгуусун азайтат деген үмүттө. 2012-жылы Өмүрбек Бабанов башында турган өкмөт "текшерүү формалдуу түрдө жүрүп, жалаң акча менен бүтүп калган, коррупциядан бөлөк пайдасы жок" деп автоунааларды техникалык кароодон өткөрүүнү жойгон. 2014-жылы бул талапты калыбына келтирүү сунушталып колдоо тапкан эмес. Учурдагы өкмөт башчы ЕАЭБдин талабы боюнча техникалык кароону киргизүү керектигин жарыялап келет. Абанын кирдеши бул ишти ылдамдатууга көмөк бермекчи. Сапар Исаков техникалык кароодо коррупциялык схемага жол берилбесин деген талап койду. Аткарылабы же 6 жыл мурунку эски адат кайра башталып, бул талап бирөөлөрдүн чөнтөгү үчүн иштеп калабы, азырынча белгисиз. Жыйындын жыйынтыгында мекемелер аралык жумушчу топ түзүү тапшырмасы берилип, бул топ 2 аптанын ичинде Бишкектин абасын жакшыртуу үчүн эмне иштер жасалышы керектигин аныктап чыкмакчы болду.

Канча ирет жарандык коом тарабынан айтылып, бирок көңүл бөлүнбөй келе жаткан иш Бишкектин шаар башчылыгына тапшырылды. Ал иш - шаарды жашылдандыруу. Абаны чаӊдан жана зыяндуу газдардан тазалоодо бак-дарактар табигый жардамчы. Күндөн күнгө Бишкектеги бактар суюлуп баратат. Бишкекке "жашыл шаар" атагын алып келген дарактар картайды. Мисалы, Эркиндик бульварына эӊ алгачкы дарактар өткөн кылымдын башында тигилсе, Жаш Гвардия бульварына биринчи жолу 1940-жылы отургузулган. Ал эми "Ата-Түрк" сейил багы 1957-жылы түзүлгөн. Картайган, түрдүү себептер менен кыйылып жаткан, жайында жыл сайын жалбырагын курт жеген дарактардын ордуна жаӊысын отургузуу, аларды өстүрүү, учурунда сугаруу, жашыл аймактардын аянтын көбөйтүү иши тегиз жүрбөсө, Бишкектин экологиясы саналуу жылдарда Бээжин менен теңелип калары анык...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан