Өкмөттө Бишкектеги абанын булганышына арналган отурум өттү. Унааларды техникалык кароодон өткөрүү талабы кайра киргизилиши мүмкүн

Тектеш кабарлар: Бишкекте абанын булганышы чектен ашып жатат (124 материал)

Премьер-министр Сапар Исаков Бишкек шаарындагы экологиялык абалды жакшыртуу, тактап айтканда, абанын булгануу көйгөйүн чечүү максатында комплекстүү иш-аракеттер планын иштеп чыгуу боюнча тийиштүү мамлекеттик органдардын катышуусундагы жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өкмөт башчы бүгүнкү күндө борбордогу экологиялык абал актуалдуу жана коомчулукта активдүү талкууланып жаткан маселе экенин белгиледи.

Сапар Исаковдун айтымында, Бишкек шаарында абанын зыяндуу заттар менен булганышынан улам жарандардын ден соолугуна жагымсыз таасирин тийгизүүчү түтүн каптоодо.

Премьер-министр аталган маселени комплекстүү чечүү боюнча тыкыр иликтөө жүргүзүү жана натыйжалуу чараларды иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.

"Биз аталган маселе боюнча көзөмөлдү күчөтүү жана так стандарттарды иштеп чыгуу жолу аркылуу абага зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын төмөндөтүүбүз керек. Бул биздин жарандардын ден соолугуна тийиштүү маселе жана ал жогорку мамлекеттик деңгээлде чечилүүгө тийиш. Биз абага зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгарылышын төмөндөтүү жаатында чоң секирик жасоо үчүн бардык ресурстарды мобилизациялообуз керек", - деди Исаков.

Биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев белгилегендей, өкмөт башчынын мурдараак берилген тапшырмасына ылайык, тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан анын булганышына карата тийиштүү иликтөөлөр жүргүзүлгөн.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Канатбек Муратбеков маалымдагандай, жүргүзүлгөн талдоого ылайык, Бишкек шаарындагы абаны булгоочу негизги булак катары автоунаалар аныкталган. Ал белгилегендей, болжол менен 20 унаанын 16сы абага зыяндуу заттарды бөлүп чыгаруу нормасынан ашып түшөт.

Ошондой эле Канатбек Муратбековдун айтымында, Бишкекте жана анын чет жактарында иштеген жеке мончолор борбордогу абанын абалына жагымсыз таасирин тийгизүүдө.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору кошумчалагандай, Бишкек ЖЭБиндеги өткөрүлгөн иликтөөлөр көрсөткөндөй, анын модернизацияланышына жана түтүн тазалоочу заманбап фильтрлердин орнотулушуна жараша абага зыяндуу заттарды бөлүп чыгаруусу минималдуу деп табылган.

Улуттук энергетикалык холдингдин төрагасы Айбек Калиев маалымдагандай, учурда экологиялык экспертиза өткөрүү боюнча көз карандысыз экологиялык компанияны тандоо жүрүүдө, ал Бишкек шаардык ЖЭБи борбордогу абанын булганышына канчалык таасирин тийгизип жаткандыгы боюнча корутунду берет.

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов белгилегендей, Бишкек шаарынын абасын булгоочу заттарды бөлүп чыгуулардын ар жылкы жалпы көлөмү 240 миң тоннаны түзөт, анын 180 миң тоннасы транспорт каражаттарына туура келет. Ошондой эле анын айтымында, бүгүнкү күндө Бишкек шаардык ЖЭБинин борбор боюнча бир жылдык бөлүп чыгуулары болжол менен жалпы зыяндуу бөлүп чыгуулардын 14 пайызын түзөт.

Премьер-министр Сапар Исаков Бишкек шаарынын от казандарынан бөлүнүп чыккан зыяндуу заттарды төмөндөтүү жана аны ырааттуу түрдө көмүрдөн альтернативдүү отундун булактарына өткөрүү боюнча тыкыр иш-чаралар планын иштеп чыгууну тапшырды.

Мындан тышкары, кеңешмеде унаалардын техникалык абалын өз учурунда текшерүү, анын ичинде абага зыяндуу заттарды бөлүп чыгаруусун текшерүүдөн өткөрүп туруу максатында техникалык көзөмөлдү киргизүү зарылдыгы белгиленди. Өкмөт башчы аталган маселени иштеп чыгууда коррупциялык тобокелдиктерди жоюу максатында комплекстүү мамиле кылуу зарылдыгын белгиледи. Сапар Исаковдун айтымында, унаалар үчүн натыйжалуу техникалык көзөмөлдүн киргизилиши абага бөлүнүп чыгуучу зыяндуу заттардын көлөмүн төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет.

Кеңешме соңунда Сапар Исаков Бишкек шаарындагы экологиялык абалды жакшыртуу жана абанын булгануу деңгээлин төмөндөтүү боюнча натыйжалуу чараларды иштеп чыгуу үчүн тийиштүү мамлекеттик органдардын жана жарандык коомчулуктун өкүлдөрүнөн турган жумушчу топту түзүүнү тапшырды. Мындан тышкары, эки жума ичинде өкмөткө аталган көйгөйдү чечүү боюнча комплекстүү иш-чаралар планын иштеп чыгуу жана киргизүү тапшырылды.

Ошондой эле премьер-министр Улуттук энергетикалык холдинг өткөн кылымдын 60-70-90-жылдарында курулган Бишкек ЖЭБинин калган морлоруна заманбап тазалоочу фильтрлерди орнотуу жана алдыңкы технологияларды колдонуу мүмкүндүгүн карап чыгууну жана ал ишти 2018-2019-жылкы жылытуу сезонуна карата жыйынтыктоону тапшырды.

Мындан тышкары, тийиштүү мамлекеттик органдарга абага булгоочу заттарды бөлүп чыгаруу боюнча, норманы көзөмөлдөө жана тийиштүү мыйзам ченемдерин иштеп чыгуу боюнча сунуштарды киргизүү тапшырылды.

Бишкек шаарынын мэриясына борборду жашылдандыруу боюнча концептуалдуу долбоор иштеп чыгуу жана өкмөттүн кароосуна киргизүүсү тапшырылды.

Эскерте кетсек, Кыргыз өлкөсүндө унааларды техникалык кароодон өткөрүү 2012-жылы парламент тарабынан жокко чыгарылган болчу. 2014-жылы автоунааларды техникалык кароодон өткөрүү нормасын кайра иштетүү демилгеси сунушталганда Жогорку Кеңеш аны четке каккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан