Бүгүн, 17-январда Жогорку Кеңеште депутаттар бүгүнкү жалпы жыйынды Дача-Судагы учак кырсыгынан каза болгондорду эскерүү менен баштады.
Төрага Дастан Жумабеков депутаттарга кайрылып: "Бир жыл мурун биздин өлкөдө кайгылуу окуя болгон. Дача-СУ айылына учак кулап, 39 жаран каза болду. Бул аябай кайгылуу окуя. Сиздерден суранат элем, бир мүнөттүк эскерүү кылып, ордубуздан туруп эскерип койсок", - деди Жумабеков.
Депутаттар ордунан туруп, бир мүнөт Дача-СУ курмандыктарын эскерип, андан соң күн тартибине киргизилген маселелерди кароого өтүштү.