Депутат социалдык тармактардагы калп маалыматтарды ооздуктоо боюнча мыйзам иштеп чыгууну сунуштады

Бүгүн, 17-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Улан Примов социалдык тармактарды ооздуктоо максатында мыйзам иштеп чыгууну сунуштады. Эл өкүлү юстиция министринин орун басарына кайрылып, бул багытта мыйзам долбоорун иштеп чыгуу керектигин айтты.

"Социалдык тармактарда аябай туура эмес, ушак, калп маалыматтар тарап жатат. Ушуга бөгөт коюп, туура маалыматты берүү максатында кандайдыр бир мыйзам долбоорлорун силер сунушташыңар керек", - деди Примов.

"Бул багытта Юстиция министрлиги иштеп жатабыз. Жакын арада сунушубузду алып келебиз. Учурда башка тийиштүү тармактар менен макулдашуулар жүрүп жатат", - деп жооп берди юстиция министринин орун басары Равшан Абдуллаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан