Маалымат каражаттарын каттоо укугун өкмөткө берүү демилгесин депутаттар күн тартибинен алып салышты
Бүгүн, 17-январда Жогорку Кеңештин жыйынында маалымат каражаттарын каттоо укугун өкмөткө берүүгө багытталган мыйзам долбоору экинчи окууда каралды. Сунушталган мыйзамда маалымат каражаттарын каттоо мөөнөтүн 30 күндөн 10 күнгө чейин кыскартуу жагы да каралган.
Бирок юстиция министринин орун басары Равшан Абдуллаев депутаттардын суроолоруна жооп бере албагандыктан, эл өкүлдөрү ага карата кескин сындарды айтышты. Айрым депутаттар мыйзам долбоорунун чийкилигин, баяндамачынын өздөрү демилгелеген мыйзам долбооруна жоопкерчиликтүү мамиле жасап, жарытылуу жооп бере албагандыгын белгилешип, долбоорду четке кагуу сунуштарын беришти.
Депутат Төрөбай Зулпукаров мыйзамды четке кагуунун жол-жобосун айтты. "Экинчи окууда мыйзам долбоорун четке кагуу добуш берүү аркылуу болот. Эгерде добуш берүүгө биз жөнөтсөк, мыйзам кабыл алынбаса четке кагылат", - деди Зулпукаров.