Пенсияларды чегерүүнүн шарттарын жеңилдетүү сунушталды

Бүгүн, 17-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Аалы Карашев пенсия чегерүүнүн шарттарын жеңилдетүүгө багытталган мыйзам сунуш кылды. Эл өкүлү учурда пенсия чегерүү үчүн кагаз иштеринде маселе көп экенин айтып, аны жеңилдетүү тартибин киргизүүдө.

"Пенсия чегерүү тартибине өзгөртүү киргизилет. Учурда пенсия чегерилиш үчүн жарандар 1996-жылга чейинки көптөгөн документтерди тапшырууга аргасыз болуп жатат. СССР учурунда мекеме, ишканалардын баары жоюлуп кеткен. Документтерди табуу маселе жаратат.

Сунушталган мыйзам боюнча жаран Социалдык фондго келгенде арыз, паспортунун көчүрмөсүн, эмгек китепчесинин көчүрмөсүн, өзү иштеген 60 айдагы маалыматты бериш керек. Ал эми калган маалыматтарды Социалдык фонд мекемелер менен байланышып, өздөрү топтосун", - деди Карашев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
nargiz-sa
2018-01-17 11:40:37
Социалдык фонд озу топтобойт. Топтоп барган документтерди да тузуктоп карашпайт
0
Abdyrawit
2018-01-17 12:27:09
Алар топтогончо, булардын чачы агарып кетпейби? Качан пенсия алабыз деп
0
mirsapar
2018-01-17 15:06:25
Азыр ото кыйын чынында жарандар коп кыйынчылык тартып жатат.кээ бирлери документерин таптыра албай жургондор да бар,анысы аз келгенсип азыр эмгек китепчедеги жазылган буйруктар боюнча кайсыл аймакта жайгашкан болсо ошол жерден льготный тактама деп талап кылышууда,Мисалы Ош областынан бир жаран чаткал районундагы айыл окмотунон тактам учун убара болуп келип жатат
0
Totyua.71.
2018-01-18 06:44:09
Иштегендер мисалы МУГАЛИМДЕР: 60 айын топтоп барса деле баягы иштебегендердей эле, 2800 пенсияга чыгып жатпайбы....Буга кандай карайсынар?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан