Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин башчысы "Акылдуу шаар" боюнча эмне үчүн тендер өтпөгөнүн түшүндүрдү

Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин башчысы Эсенкул Момункулов "Акылдуу шаар" долбоору боюнча эмне үчүн тендер өтпөй, түз келишим түзүлгөнүн SUPER.KG порталына айтып берди.

"Инвестиция боюнча мыйзамга ылайык, компаниялар 50 миллион доллардан ашык суммага инвестиция кыла турган болсо тендер өткөрбөй түз келишим түзгөнгө болот. Ошондуктан "Акылдуу шаар" долбоору түз келишим менен түзүлгөн. "Huawei” дүйнөдөгү эң алдыңкы компаниялардын бири. Кээ бир жарандар аталган компанияны кайдан келип калды деп жатышат. "Мегакомдун", "Кыргызтелекомдун" бүт жабдыктары ушул компанияныкы. Бул кечээ эле пайда болуп калган компания эмес”, - деди ал.

Айта кетсек, өкмөт менен "Huawei'дин" ортосунда тийиштүү келишимге 11-январда Бишкекте кол коюлган. Жол кырсыктарын, жалпы кылмыштуулукту азайтууну көздөгөн ири долбоорду ишке ашырууга 60 миллион доллар жумшалат. "Акылдуу шаар" - 2012-жылы убадаланып, ишке ашпай келе жаткан "Коопсуз шаар" долбоорунун жаӊы аталышы.

"Акылдуу шаардын" алкагында Бишкек жана Ош шаарларына, Бишкек-Ош, Бишкек-Чолпон-Ата трассаларына, Бишкек - "Манас" аэропорту жолуна видеокамералар орнотулат. Бул иштерге жумшалчу 60 миллион долларды Кыргыз тарап кытайлык компанияга 5 жыл ичинде жол эрежесин бузуудан түшкөн акчанын эсебинен төлөп бермекчи. Долбоорду 1,5 жылда аягына чыгаруу күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
jbolotov
2018-01-17 11:32:00
Акмакчылык, 50 млн долларды айыл чарба, ондуруш, малчылыкты кобойтууго жумшаса болот элего? Ансызда акча тушбой атканда Кытайга кетет экенда жолдон тушкон акчалар. Кредиттерди тоготурган очередь да жакындашып калды.
0
kyrgyz.kg83
2018-01-17 11:45:06
Акылду шаар дегенинер жакшы.бирок ошол шаарларда,башкасын айтпаганда брборубуз Бишкекте бардак,көчөнү издеп таппайсын,көчөнү көргөзгөн бир белги жок,үйлөрдүн бүрчөгүнө жазылган кандай көчө экени,ошондой белгилер жок болуп туруп,1.5жылда акылдуу шаар болушуна күмөн жаратат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан