Жылына өлкөгө 2 миллиард доллар каражат которуп жаткан мигранттар пенсия ала албайт. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Теңизбек Абжапаров бүгүн, 17-январдагы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.
"Эгер эмгек стажы жок, эмгек китепчеси жок болсо, социалдык төлөмдөрдү төкпөсө пенсияга чыга албайт. Орусиядагы мигранттар Кыргыз өлкөсүндө иштеп социалдык төгүмдөрдү төлөбөсө, пенсияга чыга албайт. Учурда Орусия менен бул багытта сүйлөшүп жатабыз. Бирок маселе бар, анткени Орусия тарап буга чейин мигранттардын социалдык төгүмдөрүн берүүгө каршы пикир берген. Мен ойлойм, келечекте эки өлкөнүн президенттери жолуккан учурда бул маселе көтөрүлөт. Учурда Корея менен келишим түздүк: банк, почта ишканалары аркылуу биздин жарандар социалдык төгүмдөрүн ала алышат", - деди Абжапаров.