Ахматбек Келдибековдун доктордук диссертациясы эмне үчүн жарабай калганы айтылды

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Ахматбек Келдибеков "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик фискалдык саясатынын базар экономикасынын шартындагы социалдык-экономикалык натыйжалуулугу" деген аталыштагы доктордук диссертация жазган. Бул тууралуу бүгүн, 17-январда SUPER.KG порталына Кыргыз экономикалык университетинин илим боюнча проректору Көбөгөн Атышов билдирди.

Атышовдун айтымында, 2017-жылы Ахматбек Келдибековдун диссертациялык иши талкууга алынган.

"Диссертациялык кеңештин мүчөсү жана илим боюнча проректор катары талкууга өзүм катышкам. Аны менен илимий жетекчиси жана 4-5 илимдин доктору болгон. Келдибеков жазган иштин шифрлери ылайыктуу эмес. Иши дагы начар жазылыптыр. Иштин сапатына карап жараксыз деп таптык", - дейт ал.

Айта кетсек, Ахматбек Келдибеков Жогорку Кеңештин III жана V чакырылышынын депутаты болгон. 2010-жылы Жогорку Кеңештин төрагасы болгон. Ал "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча айыпталган. 2017-жылы 8-ноябрда соттуулугу жоюлган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Dembele84
2018-01-17 11:57:11
Дагы башынан тапшырса созсуз отот.)))
+7
akaichik
2018-01-17 12:00:56
Кандай темада жактагандыгын да жазып койсоңор болмок экен!
+5
nargiz-sa
2018-01-18 00:14:41
akaichik,темасы турат го так жазылып тырмакчага алынып
0
Verta-00
2018-01-17 12:23:50
Билбейм,билбейм....Келдибековду деле колдобойм,бирок кээ бир илимдин докторлорун коруп журом оюн топтоп туз жеткире алышпайт
+2
Talgat89
2018-01-17 14:06:40
Озу жасаган иштерине таянып жазса оригиналдуу эмгек жаралып балким жактап алмак. Озунун жасаган иштеринин негизинде жазса темасы мындай болмок "Кыргызстанда бийликте олтуруп эч кандай бизнеси жок эле мамлекеттин байлыгын уурдап адамдын эффективдуу байып кетуусунун оптималдуу жолдору"
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан