Бүгүн, 17-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында электрондук эмгек китепчесин киргизүү сунушталды. Мындай сунушту пенсия чегерүүнүн жол-жобосун жеңилдетүүгө багытталган мыйзам каралып жаткан учурда бир канча депутаттар айтты.
Депутат Дастан Бекешев АКШда, Европада эмгек китепчеси деген түшүнүк жок экенин айтты. "Коңшу Өзбекстан, Казакстан, Орусия электрондук эмгек китепчесине өткөн. Эгер Орусияда кагаз эмгек китепчесин көрсөткөн болсо, ага өткөн кылымдын документин көрсөтүп жатканын айтышат", - деди Бекешев.
Депутат Эльвира Сурабалдиева бул маселе боюнча да оюн айтты. "Ар түрдүү кырдаалдар болот. Айрым учурда жарандар эмгек китепчесин жоготуп алышат. Кээде жетекчилик менен жумушчунун ортосунда жеке келишпестиктер боюнча маселе жаралып калса, жетекчилик ал документти бербей коёт. Ошондуктан электрондук китепче туура демилге", - деди Сурабалдиева.
Социалдык фонддун төрагасы Теңизбек Абжапаров бул демилгени ишке ашырууга даяр экенин айтты.