Бүгүн, 17-январда Бишкек-Ош унаа жолунун Көчкүлү-Булак тилкесинде кар көчкүсүн артиллериялык курал менен атып түшүрүү иши башталды. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, карды атып түшүрүү иши 22-январга чейин уланат. Бул аралыкта коопсуздук жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө үчүн жолдун 132-137, 198-255-чакырымдарындагы карлар түшүрүлөт.
Мындан улам айрым учурларда Бишкек-Ош жолундагы посттордо унаалар үчүн убактылуу чектөөлөр киргизилип турары маалымдалды.