Мөңгүлөрдү талкалоого жол берген Суу кодекси боюнча Жогорку Кеңеш менен коомдук бирикменин соту болду

Бүгүн, 17-январда Бишкекте райондор аралык сот мөңгүлөрдү талкалоого жол берген Суу кодекси боюнча Жогорку Кеңеш менен коомдук бирикменин ишин карады. Бул тууралуу SUPER.KG`ге “Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынын" жетекчиси Азамат Адилов билдирди.

Аталган коалиция мөңгүлөргө байланыштуу мыйзамды кабыл алууда Жогорку Кеңештин регламенти бузулганын себеп кылып 2017-жылдын ноябрь айында сотко кайрылган.

"Биз сотко кайрылганбыз. Анткени Суу кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдө чечим кабыл алынганда Жогорку Кеңештин регламенти бузулган. Жыйында жок болгон депутаттардын ордуна башка депутаттар добуш беришкен. Ал учурда залда 30га чукул эле депутаттар бар болчу. Ал эми регламент боюнча добуш берүү учурунда андайга жол берилбейт. Негизи төрага жыйын башталганда жок депутаттардын компьютерлерин өчүрүп коюш керек.

Бүгүн соттук отурумга Жогорку Кеңештин өкүлү келген жок. Ал келип парламенттин көз карашын айтса жакшы болмок. Сотто биз өз оюбузду айттык. Отурумду башка күнгө жылдырып, ошол күнгө Жогорку Кеңештин өкүлүн да чакырууну өтүндүк, сот аны канааттандырды", - деди Адилов.

"Биздин максат - мыйзам кабыл алынып жаткандагы видеожазуу, стенограммалардын баарын карап, мыйзам чегинде эмес экенин аныктап, сот бардык мыйзам бузууларды жокко чыгарсын деп жатабыз", - деп кошумчалады активист.

Эске сала кетсек, 2017-жылдын 16-ноябрында Жогорку Кеңеш “Суу кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзамын 3-окууда колдоп добуш берген. Анда "Кумтөр" кениндеги Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн талкалоо аркылуу кен казууга уруксат берилген. Добуш берүүгө жалпы 85 депутат катталып, 63 депутат "макул" деп, 22си "каршы" добуш берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Belekus
2018-01-22 23:15:50
активисттер мектептеги коррупция менен курошуп корушпойбу? конкретный маселелер барда, ошолорду чечип корушпойбу, бирок госдептен тушкон акчаны отрабатывать кылыш керекта(((((
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан