SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Жигиттерди сулуу эмес деп чангандан мурда..." деген тема талкууга алынган. Анда автор: "Кыздардын талаптарын карасаң, жигиттерди тоготпой койкоңдошот. Өздөрү болсо 5 килограмм шпаклёвка менен жүргөнүн эске алышпайт окшойт. Косметика баканы да ханышага айлантуусу мүмкүн экендигин билсеңер керек. Жигиттерди тандоодо алардын косметика колдонбогондугун эске алууну унутпагыла", - деген билдирүүсүн калтырган.
Колдонуучулардын пикирлеринен:
"Эркек маймылдан гана бир аз сулуураак болуш керек" деген кеп айтылып жүрөт го. Азыркы учурда кыздардан кем калышпай кашын терип, бет май сүйкөнүп, бетине упа койдуруп, башын күндө жууп, чачтарын кыздардан дагы сонун караган балдар күн санап өсүүдө. Корейлердин сериалдары чыккандан кийин оозум Ошту, жаагым Жалал-Абадды карап тим болгом. Айылдагы "борчиктер" чачын өстүрүп, чыпташкан спорттук шымын кийип алса бир ирээнжигенимди айткыла. Жигиттер үчүн сулуулук - бул өзүн таза, тыкан алып жүрүү, чачын убагында кестирип, спорт менен машыгып, тишин таза жууп жүрүү. Мен жигитим менен күзгү, помада талашкым келбейт. Жигитимдин чымыр денелүүлүгү, эркектик сапаттары, таза, тыкандагы мен үчүн анын кайталангыс сулуулугу боло алат".
"Бир курбум "мага социалдык тармактардан жалаң эле жөнөкөй жигиттер жаза берет. Мага бою узун, "красавчиктер" жагат" дегенинен, "ал байкуштар бизчилеп 5 килограмм тоналдык кремди чаптап, кашын жулуп үстүнөн боёп, төрт кирпигине көзү көтөрө албай калгычакты кирпик улап, кодойгон бойлорун бийик така менен жашыра албаса эмне кылсын? Сен макияж, фотошопсуз сүрөтүңдү коюп көрчү профилиңе, ошол сен теңиңе албай жаткандар жазар бекен" деп күлдүм эле. Чынында эркек кишиге сулуулуктун кереги жок. Жигит деген атка татыктуу болсо болду".
"Кыздар, "эркекке сулуулуктун кереги жок, маймылдан сулуу болсо болду" деп коюп деле жөнөкөй жигиттерди тоготпойсуңар. "Красавчик" болсо же Лексусу болсо болду, суктанып отура бересиңер".
"Жан дүйнөнүн сулуулугун көрүп, сезе билүү керек. Сырткы сулуулук убактылуу, эртең эле жашың 50дөн өткөндө ал сулуулук калат. Эң негизгиси күйөөңө (аялыңа) сулуу болсоң жетиштүү".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.