Омск шаарында жеңил кийимчен 5 жаштагы кыз мас абалда көчөдө жүргөн жеринен полицияга өткөрүлүп берилди

Орусиянын Омск шаарында жашоочулар жеңил кийинип алып, мас абалда көчөдө жүргөн 5 жаштагы кызды байкашкан. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазууда.

Маалыматка ылайык, жалгыз жүргөн наристе кызды байкагандар жакынкы дүкөнгө алып барышып, ал жерден полицияга кабарлашкан.

Чакырылган жерге келген полиция кызды медициналык мекемеге алып барып текшерткенде анын канында спирт ичимдиги бар экендиги аныкталган. Андан соң тартип сакчылары мурда сот жоопкерчилигине тартылган жергиликтүү жашоочунун кызы экенин билген.

"Кызды алып үйгө барган полиция кызматкерлери ал жерде мас абалында уктап жаткан 35 жаштардагы эркек кишини табышкан. Суракка алганда ал аялы жумушка кеткен учурда кызын карап жатып, спирт ичимдиктерин ичип мас болуп калганын айткан. Кыздын атасына аталык милдетин так аткарбагандыгы жана жашы жете элек баланы карап жатып алкоголдук ичимдиктерин ичкен деген негизде протокол түзүлгөн. Учурда үй-бүлөнүн абалын иликтөө иштери улантылууда. Ал эми кыздын ден соолугуна кооптуу эч нерсе жаралган эмес", - деп жазылат маалыматта.

Анда белгиленгендей, шаардык тургундар наристе кызды 16-январда саат 18:00дөрдө табышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
General.kg
2018-01-17 20:23:15
Уядан эмнени көрсө учканда ошону алат! Тарбия бербейби кызына ылжыйып ичпей!
+13
fortuna-fortuna
2018-01-17 21:38:59
General.kg,уядан эмнени Корсо учканда ошону алат деп кимге соз тийгизип атасын ? 5 жаштагы кызгабы?
-14
fortuna-fortuna
2018-01-17 21:40:03
General.kg, эч нерсени коруп биде элек наристе кызга айтканынбы?
-10
aman0296
2018-01-17 21:42:58
fortuna-fortuna,ошол атасын спирт ичимдигин ичип алып, мас абалында кочодо журуптур. Туура эле айткан уядан эмнени корсо, учканда ошону аласын
+8
Karban86
2018-01-17 21:10:33
Суу деп ичип алганго
+10
Pandora
2018-01-17 22:12:24
Кароосуз калып чанкап же ач калгандан ичип алганго,эне байкуш жаналып,жан берипииштеп журсо эркек соройдун кылганын карагыла жоопкерчилиги жок!!! Акча таппагандандан кийин карап отуруу керек!!!
+11
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан