Чүйдө үй-бүлөнүн 28 миӊ долларга сатып алган үйү толугу менен күйүп кетти

Чүй облусунун Аламүдүн районунда тургундардын жашаган үйү толугу менен күйүп кетти. Кырсык ушул жылдын 6-январынан 7-январга караган түнү катталган. Бул тууралуу 17-январда SUPER.KG порталына үй ээлери билдиришти.

Үйү көз алдында өрттөнүп кеткендиги тууралуу Ольга Сичкарь буларды айтып берди.

"Ал күнү үйдө эч ким жок болчу. Биз үй-бүлөбүз менен туугандарды Рождество майрамы менен куттуктоо үчүн Покровка айылына кеткенбиз. Түндө үйгө келип, улуу балам дарбазаны ачуу үчүн короого кирип кеткен. Кайра ал "үй түтөп жатат" деп машинага кыйкырып келди. Жолдошум нес абалда чуркап барып эшикти ачып жибергенде үйгө аба кирип, заматта өрт коюп жибергендей күйүп кетти. Өрт өчүрүү кызматы 45 мүнөттөн кийин келди. Үйдөгү болгон буюмдарыбыз өрттөнүп кетти. Колубузда анча-мынча эле докумменттер калды", - дейт ал.

Ал эми анын жолдошу Алишер Абидов: "Үйдү 4 жыл мурун 28 миӊ долларга сатып алганбыз. Короодо кармаган малыбыз деле жок. Бир эле ит калды. Өрт эмнеден улам келип чыкканын билбейбиз", - дейт.

Алишер Абидов жубайы жана 2 баласы менен Покровка айылындагы туугандарынын үйүндө убактылуу баш калкалоодо. Турак жай камсыздандырылган эмес. Учурда үйүн калыбына келтирүү үчүн курулуш каражаттарын алууда кыйналып жаткандыгын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Batma08
2018-01-18 09:36:35
1960000com
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан