Мындай абалга Астана шаардык жол-патрулдук полициясынын инспектору, полициянын лейтенанты Е.Иманбеков туш болгон. Жергиликтүү маалымат булактары жазгандай, окуя 16-январдан 17-январга караган түнү орун алган.
Анда Астана шаарындагы Достук көчөсү менен жүрүп бара жаткан Porsche Cayenne унаасы өлкө башчысынын "Акордо" резиденциясынын дарбазасын сүзүп алган. Бул боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, анда инспектор жол тайгактыгынан улам башкарууну жоготкону аныкталган. Жыйынтыгында дарбаза азыраак ийилип кеткен. Жабыркагандар болгон эмес.
Бүгүн инспектор Иманбеков жана ал иштеген бөлүмдүн башчысы кызматтан бошотулган. Мындан тышкары бир катар жетекчилер эскертүү алышкан.