Бүгүн Бишкек шаардык сот Аида Салянованын ишин карайт

Бүгүн, 18-январда Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын ишин карайт.

15-январда соттук отурум өтмөк. Салянова ооруп жатканына байланыштуу отурум бүгүнкүгө жылдырылган.

Эскерте кетсек, Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 2017-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет. Бул чечимге нааразы болгон Салянова шаардык сотко даттанган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Azat.97
2018-01-18 07:23:44
Келбейт бугун дагы
+1
NURTILEK_KG
2018-01-18 07:37:20
Бул адам далил таппай эле ооруп журот окшойт.эмне деп актанышты билбей...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан