Экотехинспекция: "Автоунаалардын түтүнүн текшерүү иштери жүрүүдө"

Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекция Бишкек шаарындагы түтүндүн ченемден жогору болушунан улам автоунааларды текшерүүнү баштады. Бул тууралуу инспекциянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, автоунаалардан чыгып жаткан зыяндуу түтүндү нормага келтирүү үчүн, унааларды экологиялык кароодон толук өткөрүү зарыл.

"Белгиленген нормадан ашыкча иштетилип чыккан уулуу заттар, адамдын өмүрүнө коркунуч жаратат. Бул багытта инспекциянын экологдору атайын текшерүү иштерин жүргүзүүдө. Көпчүлүк учурда тийиштүү нормадан ашыкча уулуу затты бөлүп чыгарып жаткан унаалар, эскирген же болбосо техникалык абалынын начардыгынан улам келип чыгат. Абаны ар кандай уулуу затка булгап жаткан унаалар гана эмес, коомдук жайлардагы жуунуучу жеке мончолор, өндүрүш ишканалары жана көмүр колдонгон жеке турак жайлар болуп саналат. Андыктан инспекторлордун текшерүүсүнүн негизинде экологияга ашыкча зыян алып келип, абаны булгап жаткандарга чара көрүлөт. Себеби буга чейин жеке мончолордо ар кандай желим жана тигүү цехтеринин калдыктары, дөңгөлөктөр жана эски бут кийимдер жагылып, жагымсыз жыт чыгып жатканы тууралуу коомчулук тарабынан мекемеге арыздар келип түшкөн. Мындан кийин абаны булгагандарга айып пулдан сырткары иштетип жаткан ишканасын токтотуу чаралары дагы көрүлөт. Жеке объектилерде мындай көрүнүштөр өтө көп катталууда", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Baatirbek81
2018-01-18 09:06:16
Мончолорду текшергиле ошолордун көпчүлүгү дөңгөлөк,чүпүрөк жагышат.
+4
karakulja
2018-01-18 09:14:02
Baatirbek81,туура айтасын. Глушитель жасаган мастерлердин чырагына май тамды го чиркин
+2
Kuba_87
2018-01-18 10:06:50
Мындай текшеруудон экология кыйратып озгоруп кетпей.Мурунку коррупция башталат кайра эле.
+3
kaRa-4aPan
2018-01-18 10:28:16
Эптеп элдин чөнтөгүнө кол салуу.
+2
Omurbek998
2018-01-18 10:29:24
Алдын алыш керек болчу аба булганды деген созду кутпой план менен иш кылыш керек
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан