"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Зиядин Жамалдинов Бишкек шаарында кыргыз тилдүү бала бакчалардын аздыгына нааразы болду. Бул тууралуу ал бүгүн, 18-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Бардык мамлекеттик кызматкерлер кыргыз тилинде иш алып баруусу боюнча 2017-жылы өкмөттүн токтому чыккан. Бул жакшы нерсе. Бирок биз мамлекеттик тилди өнүктүрүүнү бала бакчадан башташыбыз керек. Бишкекте 84 бала бакча бар болсо, 10у гана кыргыз тилдүү. Борбордо кыргыз тилдүү мектептер дагы аз. Ата-энелер балдарын кыргыз мектепке берейин десе жок болуп жатыптыр. Тил маселесине Жогорку Кеңеш дагы көңүл буруусу зарыл. Баяндамачылар орус тилинде сүйлөп жатса, ошол тилде суроо берип жатабыз", - деди ал.