Депутат Субанбеков кырсыктардын алдын алуу боюнча иш жакшы жүрбөй жатканын айтты

"Бир Бол" фракциясынан депутат Бакирдин Субанбеков кырсыктардын алдын алуу боюнча иш жакшы жүрбөй жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 18-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Кыргыз мамлекети көптөгөн табигый кырсыктарга учураган өлкө. Геологиялык жана климаттык коркунучтар биздин республиканын калкына экономикалык терс таасирин тийгизип келет. Акыркы калың жааган кардын запкысын тартып жатабыз. Белгилеп кетчү нерсе өлкөдө өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу иш аракет пландары иштелип чыккан. Кандай жыйынтыктар бар? Эл эмне менен камсыздалды? Ушул маселени көзөмөлгө алсак. Өзгөчө кырдаалдын алдын алуу боюнча кандай иш-чаралар көрүлүүдө? Кырсыктын алдын алуу боюнча иш жакшы жүрбөй жатат", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан