Депутат аба ырайынан улам учактар учпай калган учурда жарандарды тамак-аш, мейманкана менен камсыздоо талабын койду

Бүгүн, 18-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Тазабек Икрамов Бишкек-Ош-Бишкек багытында аба ырайынан улам учактар учпай калган учурда жарандарды тамак-аш жана мейманкана менен камсыздоо талабын койду. Эл өкүлү буга чейин ушундай кырдаалдар жаралган учурда авиакомпаниялар өз милдеттерин аткарбай, мындан жарандар кыйынчылыкка тушукканын айтты.

"Кыштын күнү Бишкек-Ош каттамында кыйынчылыктар болуп жатат. Такси менен жетүү 1500 сом болсо, авиарейстин баасы 4000 сомго жеткен. 15-16-январь күндөрү аба ырайы бузулганына байланыштуу аэропорт каттамдарын кабыл алууну жана учурууну убактылуу токтоткон. Мындан учактар 12 саатка чейин кармалган. Ошол эле убакытта жарандар, улгайгандар, балалуулар аэропортто күн кечиришти.

Аба ырайынын бузулушуна аэропорт авиакомпаниялар күнөөлүү эмес. Бирок шарт түзүп берүү алардын түздөн түз милдети болчу. Өлкөнүн авиациялык тартиби боюнча, эгер учак 4 саат кармалса, авиакомпания ысык тамак бериш керек, эгер 8 сааттан ашса мейманканаларды уюштурууга милдеттүү. Компаниялар мейманкана, тамак-аш жөнүндө сөз да кылган эмес. Биздин жарандар аэропортто жатышты. Жарандарды мейманканага жайгаштырып, зыян тартуудан качышабы? Ошол жерден пайда таап жаткандан кийин шартты түзүүнү да билиши керек. Сиздер ушул талапты коюңуздар", - деп өкмөттүн өкүлүнө кайрылды Икрамов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
haydarkan
2018-01-18 10:42:52
Жакшы талап эми арткарылса экен
+1
Too-tash
2018-01-18 12:53:23
Туура!!! Бийлик ошол талапты катуу коюп ишке ашуусун камсыз кылышы керек. Болбосо аэропортту жаап салуу керек. Авиабилеттин баасын каалагандай которгондо буларды кой деген кожо жок. Ал эми форс-мажор кырдаалда жургунчулорду ойлогон авиакомпания корунбойт... Ар бир авиакомпания оз жургунчулоруно кам корууго милдеттендирилсин....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан