Депутат Момбеков: "Чыныбай Турсунбековдун "Өф түтүнү" өкмөттүн өпкөсүнө тийсе керек"

Бүгүн, 18-январда Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков СССР убагында Бишкек шаары эң кооз, таза шаарлардын бири болгонун эскертти.

"Азыркы күндө Бишкек шаары эң булганган, көк түтүнгө чулганган шаар экени ачыкка чыкты. Өткөндө Чыныбай Акунович "Өф түтүн" деп ыр чыгарды, бир топ депутаттар көк түтүн деп чыр чыгарды. Чыныбай Акуновичтин "Өф түтүнү" өкмөттүн өпкөсүнө тийсе керек. Бул маселе кечээ өкмөттө каралыптыр. Техникалык кароону киргизебиз деп жатышат. Туура маселе. Айылда таза суу, шаарда таза аба жок болсо "Таза коомдун" кимге кереги бар? Кыргыз мамлекетинде 3 миллиондон ашык унаалар бар. Техникалык кароого жарандар 1 миң сомдон төлөй турган болсо, бюджетке 3 миллиард сом түшөт. Экологиялык, экономикалык жактан пайда алып келет", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
almanbetperm
2018-01-18 10:41:01
Откондо укканым бар,жолдорду да платный кылганы атышыптыр,Европа олколорундо бул мындай эле корунуш деп атышат.
Ошол жолдорду европанын стандартындай кылып жолдорду салып коюп калсанар мейли эле,айтайын дейм соз кобойуп кетет
+4
altunbek78
2018-01-18 12:19:15
Өзү бул депутаттарды атып койгон адам түз эле бейишке кирсе керек. Булар элге кантип жардам берсек дегендин ордуна бир миң сомдон техосмотрга алсак деп элдин жонуна кайыш тилишет ко. Башынарды башка нерсеге иштетип, бекитип жаткан мулкторунорду эл үчүн иштетсе болбойбу.
+5
kuba.kq8705
2018-01-18 12:32:41
элдерге жардам бериштин ордуна элден акча жыйнайлы деп журушотго бул жеп жутарлар
+4
love_you
2018-01-18 16:05:34
тууй ата тим эле ашата соксон ээ. банга кетип каламбы деп чочулабасам тим элечи аялзаты экениме карабай олтуро сокмокмун
+4
ksb
2018-01-19 02:33:27
Жанагы кытайдын синтетика материалдарынын калдыгын шв.цехтерден арзанына карап жагып жаткан мончо,сауналарды жапкыла юе олчойто штрафтагыла,машиненин түтүнү,кышында элдин баары көмүр жагат анан ал аз келгенсип баня сауналар зыян келтирет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан