Социалдык фонддо минималдуу пенсия деген түшүнүк жок. Орточо эсеп менен пенсия алгандар гана бар. Алар эмгек тажрыйбасы аз адамдар жана дыйкандар. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз катчысы Адилет Абдулдаев бүгүн, 18-январда SUPER.KG порталына билдирди.
"Алар төккөн айлыгынын негизинде пенсия алышат. Эң аз пенсия эмгек тажрыйбасы аз адамдар менен дыйкандарга чегерилген. Алар айылда жер үлүшүнө жылына 200 сомдон эле салык төлөшөт. Ошонун баары тажрыйба болуп эсептелип, пенсия чыгарылат. Жыйынтыгында пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү, базалык бөлүгүнө кошулуп 1780 сом берилет", - деди Абдулдаев.
Эскерте кетсек, кечээ, 17-январда Социалдык фонддун төрагасы Теңизбек Абжапаров Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында учурда өлкөдө 630 миң пенсионер бар экенин айткан. Анын билдиришинче, эң аз пенсия алгандар эмгек тажрыйбасы аз адамдар жана дыйкандар. Алар 1800 сомдон алышат деген.
Окурмандарга кулак кагыш: эгерде сиз жогоруда айтылган суммадан да аз пенсия алсаңыз, анда "Элдик кабарга" +996 557 47 39 39 номери аркылуу кабар жөнөтө аласыз.