Зарылбек Рысалиев Бишкектин Биринчи Май районун Чыңгыз Айтматов деп атоону сунуштады

"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Зарылбек Рысалиев Бишкек шаарынын Биринчи Май районун Чыңгыз Айтматов деп атоону сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 18-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Быйыл жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракеси болот. Бишкек шаарында 4 райондун баары эски аталыш менен калган. Ошондуктан Биринчи Май районун Чыңгыз Айтматов району деп атоону сунуштайм. Бюджет аз, бюджет жетишпей жатат деген шылтоо болбосо экен. Манас, Чыңгыз Айтматов деп мактанабыз. Чыңгыз Айтматовду дүйнө эли тааныйт. Кыргыз мамлекетине чет өлкөлүктөр келсе, Айтматовдун атынан эмне бар деп сурашат. Бир көчөбүз бар деп айтабыз. Айтматов өмүрүнүн көпчүлүгүн аталган райондон өткөргөн. Ошол райондо жазуучунун эстелиги турат", - деди эл өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Alixan-Nookat.2015
2018-01-18 10:50:16
Жакшы сунуш экен
+3
modem4999
2018-01-18 11:06:31
Кошулам
0
TazaKyrgyz
2018-01-18 11:38:25
Эн туура сунуш
-2
jbolotov
2018-01-18 15:25:18
Кыргыз эли, мекенчилдер колдойт, орус саясатын колдогондор манкурттар же шпиондор минус дешетда.
-3
jbolotov
2018-01-18 15:26:44
4 Админ.районду тен кыргызча коюш керек.
+1
Arlenchik
2018-01-18 18:45:43
Жеке мен колдобойт элем, атын озгортту эмне пайда?! эч кандай, наоборот аны которобуз деп казынадан дагы биртоп акчаны жок кылышат, буларын бир нерсе кылды дегенчеле жешет шылтоо менен, андан коро ошо улуу жазуучу ушул мамлекеттин жараны болчу мекени ушул, борбору бул деген даражага жеткендей кылып шаарыбыздын гулдоп осуусуно салым кошуп аракет кылгыла, Бишкекти гулдоткуло, анан отуруп алып болбогон нерселерди козгой бербей, жаман кыжырга тийип тажаттынар 120 баш бок курсактар, кылган ишинер жок
+5
aliakg90
2018-01-18 20:28:41
Тигинин атын озгортолу, бул жерде той кылалы, быйыл баланчанын мынчанчы жылдыгы ошого майрамдык иш чара корбосок болбойт дегенден башканы ойлонушпайт. Айткандай, дагы элге салыктын кайсы турлорун салсак экен деп аябай катуу ойлонушат. Негизи жазуучубуздун атын койгонго деле каршы эмесмин
Бирок элге пайда алып келуу, иш орундарын тузуу, миграциЯны азайтуу жонундо конкреттуу турдо план коюп ишке ашыргылачы. Ушунчалык элдин сообу гана тиет... Оозунар менен го баарын жасайсынар тоону томкоро
+3
Azatbek83
2018-01-19 01:59:07
Силер биринчи креслонорду озгорткуло!Кантип?!Жумуш ордунардан кетип иштей тургандарга бошотуп бергиле!Бир боло турган бир койгойду чече турган жумуш ордуларын кылгыла!Эптеп бир нерселерди жасап озгортуп ошол нерседен акча болунсо жутуп алалы дебестен!Озгорткуло бирок башка жогорудагыларды аткарып анан ар нерсенин убагы болот!Кыйраткансып сунуш кылыптыр эшек такалабай башка жумуш кыл же жогол!
0
Azatbek83
2018-01-19 02:00:56
Оштогу Бабурду озгортуп койсонор ыраазы болот элем!!!Аша деп койсонор жаман корсомда эмне болсода аты Кыргызча дейт элемин!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан