Бүгүн, 18-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Карамат Орозова жөлөк пулду бир жарым жашка чейинки балдарга берүүнү сунуштады. Ал эми муктаж үй-бүлөлөргө 16 жашка чейинки балдарга "үй-бүлөгө көмөк" акча берүүнү демилге кылды. Эл өкүлү учурда бул багытта мыйзам иштелип жатканын айтып, ушул сунуштарды эске алуу керектигин билдирди.
"Жөлөк пул боюнча мыйзамга сунуш берип жатам. Ошол мыйзамдын 8-пунктунда үч жашка чейинки балдарга жөлөк пулду 700 сом деп чегерген элек. Ошону бир жарым жашка чейинки деп бюджеттин тартыштыгын эске алып, 810 сом деп белгилесек. Ошондо 230 миң балага 1 миллиард 863 миллион акча болот экен. Бул каражатты биздин бюджет көтөрөт деп ойлойм. Ушул сунушту киргизип жатам.
"Үй-бүлөгө көмөк" деп 3 жаштан 16 жашка чейинкилерге караганбыз. Муну да өзгөртүп, бир жарым жаштан 16 жашка чейин деп берсек, муктаж болгон үй-бүлөлөргө берсек. Муктаж болгон үй-бүлөлөрдү өкмөт өзү тактап, өкмөт өзү бекитиш керек", - деди Орозова.