Депутат Руслан Казакбаев: "Өлкөдө кадрлардын туруктуулугу болбой калды"

"Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Руслан Казакбаев мыкты кадрлар жумушсуз жүргөнүн айтты. Бул тууралуу бүгүн, 18-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Жакшы кадрлар тандалып, туруктуу иштей турган болсо анда өлкөнүн экономикасы өнүгүп, калк турмушу жакшырат. Тилекке каршы, биздин өкмөттө андай болбой жатат. Мисалы, акыркы 3 ай аралыгында эле 3 вице-премьер-министр алмашты. Анан биз кайдан экономикалык өнүгүү жаатында сөз кылабыз? Бизде кадрлардын туруктуулугу болбой калды. Азыркы учурда көптөгөн мыкты кадрлар жумушсуз жүрөт. Өкмөт кадр маселеси боюнча талдоо жүргүзүп, кадрлардын маалымат базасын түзүүгө тийиш", - дейт депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан